алча

китептерде 15 жолу, 6 китепте
  1. Анча кичине эмес данектүү, кызыл тоголок мөмөлүү дарак.
  2. Ушул дарактын мөмөсү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…үстүндө чалкалай, / Чирене тээп үзөнгү, / Кебирлери кайкалай, / Кобураба, шүк дешип, / Куу түлкүнү издешип, / Түрсүлдөтө бастырбай, / Түлкүгө шыбыш алдырбай, / Алчактатып тулпарды, / Артын бопбоз чаң кылбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алтымыш тогуз ар буудан, / Айдап кетти алчактап, / Атабыздын салты ошол, / Күлүк сүрөп ат чапмак, / Кете берсин ат айдап, / Калгандан кепти угуп бак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кызыл буурул аты бар, / Айбандын түркү көрүнөт, / Үстүндөгү мингени, / Адамдын түркү көрүнөт, / Кызыл буурул жаныбар, / Басканы башка алчактап, / Айбандан башка көрктөнөт, / Үстүндө минген адамзат, / Колунда алган кушу бар, / Канаттары жаркылдайт, / Учуруп койсо үстүндө, / Тегеренип калкылдайт, / Доол… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Атынын мойну алчактайт, / Айбандан түркүн миниптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Найзасы сынып кол чолок, / Бакдөөлөт калды томолок, / Сомбилек минген кара аты, / Алчактай басып жорголоп, / Эңкейип баатыр Сомбилек, / Түп этектен алганы, / Көкбөрү тартчу улактай, / Үзөңгү боого салганы / Ошол өңдүү иши болсо, / Бакдөөлөт туруп алабы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →