алуучу
- Кардар, сатылуучу нерселерди (товарларды) ала турган киши.
- Кесүүчү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күркүрөгөн күч менен, / Жан алуучу түс менен, / Беттешип найза сайышты, / Сайдырбастан кагышты, / Машы чыккан андестер, / Кең майданда табышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Андан мурун башкага, / Бастырмак болсо бир жакка, / Күмбөзүнө баатырдын, / Бир күн түнөп алуучу, / Болсун белги, болбосун, / Бастырып кетип калуучу, / Түнүндө барбай күмбөзгө, / Эртең менен барганы, / Эки бээни алпарып, / Арбагына арнады, / Жарабайт жылкы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…еп, / Жарлык кылды бүт элге, / Жапырт баары жөнөдү, / Жазайыл атып, жаа тартып, / Очогор менен ок атып, / Жер куйкалап топ атып, / Алай- дүлөй тарсылдак, / Жан алуучу барсылдак, / Мунарыктап топурак, / Асман ачык, жер бүркөк, / Жерге кирди сүлкүлдөк, / Жебенин огу зыркырап, / Барабан үнү зыңкылдап, / Баш аламан чуркурак, / —…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Акула менен желгени, / Көрүнгөн малга келгени, / Тулпарлар эмес, башка экен, / Жоо сүргөнүн билди эми, / Аңкарып изин карады, / Аттын изин кубалап / Айал кылып турбады, / Кош кулагын жапыртып, / Куулага камчы урганы, / “Аттарды жоо алды, — деп, / Мени менен касташып, / Ат алуучу ким экен, / Эңсесин анын кесем!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Бирок, оп тартканда үйдөй таштарды жутуп алуучу ажыдаар сууну бөгөп жатып алат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →