алтынчы
- Алтынын иреттик саны.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ана-мына дегинче, / Айта-буйта кылгынча, / Ачып көздү жумгунча, / Артык туулган Асыл шер, / Он бешти сайып өттү эле, / Он алтынчы катарда, / Бакалоордун тушу, деп, / Өлөөр жери ушу, деп, / Таамай муштап жиберди, / Алкымдын безин аралап, / Мойун сөөгүн талкалап, / Жүлүнүн кыркып өттү эле, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алтынчы күнү майданда, / Кармап алып Кененим, / Жардатып туруп кыргызды, / Алты шаар, Анжидан, / Андан келди он адам, / Наманген, Ташкен, Самаркан, / Мундан келди кырк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Асманда жылдыз, жерде чөп, / Бирден бирден саналды, / Чымындай жалгыз кара жан, / Кантип мындан жай алды, / Барган сайын күн өтүп, / Чучуктан бери тарады, / Алтынчы күнү кечке жуук, / Жарык дүйнө жалганда, / Турар шайы калбады, / Оозунан түтүн бур этип, / Көкүрөгү кыр этип, / Катын-бала, эл-журту, / Баарысы калды чур этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Он алтынчы жылы кыргыз үркүнүндө кандай кубулмалуу кабар угулуп жатса мынабу да ошондой!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Он алтынчы жылы Корумдунун оозунда койдой кырылган эл эмне?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →