алтында

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Алтындын буусуна кармап каңдоо, бышыруу, алтынга жалатуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ырап, / Кетүүчүдөй закылдап, / Кыргыйек жетпей жанашып, / Көзгө илешпей закымдап, / Азаматы кыргыздын, / Ок өтпөс буу,лум шым кийип, / Кең багалек балкылдап, / Алтындап саадак курчанып, / Асаба көктө калкылдап, / Үч айдын күнү токсон күн, / Бекер жаткан эригип, / Уруштан коркуп алаштын, / Ойунда жок тартынмак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алтындаган наапаны, / Жуп кара атка коштуруп, / Тазбайматка айдатып, / Жан кишиге көрүнбөй, / Көпүрө менен Каныкей, / Бу да тосуп алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Арстан Манас барында, / Алтындап минген тагына, / Катарда бар он төрт хан, / Семетейдин тушунда, / Бадакшан, Балык, кең Үргөнч, / Жедигер эли кошулуп, / Санаты толду жыйырмага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →