алтымыш
- 60 саны, эсеби.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кара калпак өзүбек, / Бадахшан, Үркөнүч жергелеш, / Алтымыш уруу көп алаш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Байлоодо балбан алтымыш, / Сен турасың жапжалгыз, / Алтымышын он бештен, / Ар ишке салам кандайсың?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Апы, Напы баштаган, / Алтымыш барсың сыйкырчы, / Бөлүнүп четте калыңар, / Манас менен келгенге, / Мени билбес жинди элге, / Сыйкырды чындап салыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Олуйа Бакай хан келди, / Каныкей энем ал келди, / Алтымыш балбан дегенди, / Жолборс бала Сейитек, / Ана-мына дегиче, / А дүйнөгө жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Камыкең алтымыш өгүз, элүү ат, араң кыймылдата турган, темир таяк жасатып алып, он жети жашынан саякатка жөнөйт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →