алтоо
- Алты деген санды жалпылап түшүндүрүүчү жамдама сан атооч.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баш кошоор жери алтоонун, / Чоң Таластын талаасы, / Жеңип алчу душманы, / Шер Манастын баласы, / Эми келип кырылат, / Мурун калып чаласы, / Таласка бутун малдырбайт, / Кененимдин санаасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алтоо өлүп кетиптир, / Арты-артынан баргандан, / Алтоон көрүп Тобуке, / Айалдабай аттанган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
темир бадана, / Беш кабат катар кийгени, / Тизесинде кисепче, / Үзөнгүдө калдыркан, / Алдынкы ээрдин кашында, / Жойкумасы байлалуу, / Эки миздүү канджардан, / Алтоо-жетөө камдалуу, / Сарапча тартып көзүнө, / Көргөн киши таң калат, / Бул капырдын өзүнө, / Өчөшүп жаман келатат, / Темиркөккө актанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алтоо камап аскерди, / Коргон кылып салыптыр, / Ортосунды айкөлдү, / Тегеретип калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алып келген алтоо бар, / Алып кетчү жетөө бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →