алсыра

китептерде 26 жолу, 8 китепте
  1. Алдан таюу, алсыздануу, күчү кетип чарчоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кан токтобой кансырап, / Шайманы кетип алсырап, / Көз ачырбай Чакмакташ, / Жана тийди теминип, / Муштап өттү санына, / Найза менен керилип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жайылып чыгар мал койбой, / Маана кылып жаанда, / Баш калакалар үй койбой, / Сойуп жерге кой койбой, / Суукка кийер тон койбой, / Үрүп чыгар ит койбой, / Азыгы жок, үйү жок, / Бут артарга тайы жок, / Алсыратып шаңкайды, / Таштат атып жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көрүп туруп байакы, / Желдет кайра жүгүрдү, / Эки жеңин камчылап, / Мурдунан каны тамчылап, / Айткан кеби угулбай, / Сүйлөй албай алсырап, / Тазкара кебин айтам, — деп, / Баш-айак кылып тамтырап, / Тапан хан, менен шумпай кыз, / Кучакташып отурат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Көздөн агып кандуу жаш, / Бала баатыр Сомбилек, / Карып болду жалгыз баш, / Ырп этерге ал калбай, / Кырданып калды алсырап, / Ээсинин көрүп абалын, / Эки тайган кыңшылап, / Алда эмне болду? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Баланын курсагы ачып, кайда барарын билбей, көчөнүн боюндагы теректин түбүндө алсырап отурса, бет алдынан аргымак ат минген, сонун кийинген, мурутун чыйраткан мырза жигит бастырып өтүп баратат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →