алсыз

китептерде 20 жолу, 7 китепте
  1. Кубатсыз, дарманы жок.
  2. Турмушу начар, кедей, колунда жок.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ул шаарда, / Түйдөктөшүп сакалы, / Алынбай арка чачтары, / Төрт эли топо каштары, / Чалдар калды бул шаарда, / Каңгай, манжу ылганып, / Жаштар кетти ыраакка, / Алсыздар калды бул шаарда, / Учурады биздин эл, / Элөөсүздөн мындайга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Алсызга колуң суна жүр, / Арына көңүл бура жүр, / Йа, парбардигер жараткан, / Датын төксө уга жүр, / Айтсам сөзүм түгөнбөйт, / Жамгыр болуп төгүлөт, / Кабыргалар кайышып, / Капталыман сөгүлөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кандырып суусун суу берип, / Суркойонду тааныткан, / Ак карлуу ата Алатоо, / Алсызга медет кылбасаң, / Мындай тирүү болгуча, / Өлгөнүм жакшы курган жан! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Арстан Сыргак, Ажыбай, / Арбагың тирүү азыр бар, / Азаптуу болдум жаш кезде, / Алсызыңа көзүң сал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Үңүрөйгөн терең кабагынын алдындагы алсыз көзү менен бир топко мени тиктеп туруп-туруп: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →