алптык
- Алпка таандык көрүнүш, алп экендик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Колго түшпөйт ойлоп көр, / Бул токсондон айрылбай, / Деп Бетирке айтканда, / Манжуулардын Каман алп, / Мен барамын жеке деп, / Токсонду байлап албасам, / Алптыгым менин бекер деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айдаркандын эр Көкчө, / Алптыгы журттан бөлөкчө, / — Оронгуга барып бер, / Бул сапар намыс алып бер, / Бел ашып бир сапар, / Уулум Көкчөм, жарап бер,- / Анда Көкчө муну айтат: / — Олуйазада к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Садага барча бычактай, / Жыгачтан түркүн илинген, / Айдарлуу баатыр эр Коңур, / Алптыгы анын билинген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Андан артык болбосо, / Алптыгы андан кем эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жети кыраан журтуна, / Алптык аты жетелек, / Дептерге аты түшө элек.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →