алпеште
- Кастарлап эркелете багуу, алдейлеп багып өстүрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайта кирип кененим, / Минтип айтып калыптыр: / — Алпештеген кулунум, / Кубатысың муунумдун, / Белге таңуум, медерим, / Беренден калган белегим, / Он беш жаштан бер жакка, / Элиңе тийди керегиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алмамбет менин уулум, / Алпештеп багар кулунум, / Арып келсе алыстан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алпештеп мени өстүргөн, / Эстесе жүрөк өрт күйгөн, / Асман тиреп заңкайган, / Алатоо калдың кайыр-кош!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ата болуп асырап, / Эне болуп алпештеп, / Эркелетип эл баккан, / Алатоо кыргыз энеси, / Ээн таштап, бул жерди / Ойунда ишин кыларбы?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Бала кезден бер жакка, / Алпештеп жүрүп сен бактын, / Кыйындык кылып ар жайда, / Кызматы менен Гүлчоро, / Кыйалы менен бул жакты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →