алпар

китептерде 134 жолу, 10 китепте
  1. Алып баруу, жеткирүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Күмбөзүнө баатырдын, / Бир күн түнөп алуучу, / Болсун белги, болбосун, / Бастырып кетип калуучу, / Түнүндө барбай күмбөзгө, / Эртең менен барганы, / Эки бээни алпарып, / Арбагына арнады, / Жарабайт жылкы түлөөгө, / Ача туйак чалбады, / Токтоо кылып туралбай, / Баатырың жолго салганы, / Көкөй жүргөн келер, деп, / Келбей өтүп … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ “Дабытайды алпарып, / Бастырып жарга жоготуп, / Кайта келип кырат деп, / Канды суудай агызып, / Баш- аламан кылат, — деп, / Кылычтап башты кыйат, — деп, / Баарыбызды кырат, деп, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жакыпка кары кеп айтып: / “Илгертен бери ырымды / Кылып келген,-деп айтып, / Жырык уйга жүк артып, / Жыртык кара үй артып, / Алпарып ташта токойго, / Катыныңды ардантып, / Алып келбей таштап кой, / Ошол жерге саргартып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Акылман туулган Керменбай, / Алдынан улак алпар, деп / Кырк баланы куптады, / Келинден тандап ыктуудан, / Кишиге жакын шыктуудан, / Так отузду жумшады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Катты окуучу молдосун, / Жанындагы жолдошун, / Ээрчитип чыгып ээнге, / Бекинип барып олтуруп, / Улам-улам окутуп, / Абдан катка канганда, / Канчоро кебин укканда, / Кат жаздырып молдого, / Кат алпарган жансызды, / Кайта салды тез жолго. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →