алооло
- Жалындоо, жалындап күйүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Койбоочудай лакылдап, / Такасы жок миңгени, / Баса албай ташка тарпылдап, / Жакын кирип келгенде, / Баатыр Матан жөнөдү, / Матан минген сары кер, / Алоолонуп алкылдап, / Каскаксыз найза карманган, / Күн чагылып жаркылдап, / Манастап Матан бакырып, / Баатырдын атын чакырып, / Беттеп кирди катырып, / Жеткен жерде Таңг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ун ким көрдү, / Касабасы калкылдап, / Кара бойу бүт темир, / Күн чагылып жалтылдап, / Айбаты элди коркутуп, / Тармалкөк менен булкунтуп, / Алы келбей оозуна, / Алоолонтуп жулкунтуп, / Кутурган иттей арсылдап, / Азуулары карсылдап, / Жер дүңкүлдөп дабырты, / Жетип келди чукулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…Ажыкең кайра чапканы, / Ат жетелей бараткан / Арстанына айтканы, / Айкөл Манас, Ажыкең / Адырды барды аралап, / Ат тердетип, чапкылап, / Аңга салды ат сынап, / Алоолонгон кезинде / Агыны алты бутача, / Адырдын аңы капташат, / Арстаның минип алыптыр, / Атын аңга салыптыр, / Арка буту илинбей, / Аттап чуркап калыптыр, / Ээрчип бас…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…, / Жеткире албай куурады, / Армансыз болсун чочко, деп / Арстандын уулу Сейити, / Зыңгырап карап турганы, / Алдында минген Телкүрөң, / Тоңурчуктап токтобой, / Алоолонуп бууданы, / Найза тийди колуна, / Куткарбас карап турабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…— деп, / Болжолдуу күнү Айчүрөк, / Канаты күнгө жаркылдап, / Учуп кетти калкылдап, / Сейтек менен Гүлчоро, / Кетип барат балкылдап, / Тоотору менен Суркойон, / Алоолонуп алкылдап, / Отуз күнү жол жүрүп, / Урумдуктун шаарына, / Кирип келди жакындап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →