алмаш
- Биринин ордуна экинчисин берип айырбаштоо, айырбаш кылуу.
- Оошуу, кезектешүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
жел жетпей, / Кылыктанып басканда, / (Баштакынын малдары, / Ал үчүн калган дастанда), / Жедигер, маңгыт чыдабай, / Камынышты качканга, / Ага чейин Кызылкыз, / Алмаштыра салды эле, / Арстаны минген Май тору, / Баспай туруп алды эле, / Алдында минген тору атты, / “Алда кандай болду, деп, / Душманды карай бурулсам, / Туруп алат М…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алмаш огу кечпеди, / Башын тосуп кетпеди, / Бузууга алы жетпеди, / Карап турган Чубакка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күзгү коңур салкындай, / Өзүнүн өңүн өчүрдү / Өйүз-бүйүз кеп жандар, / «Алда кандай заман — деп, / Болду бүгүн жаман» — деп, / Бирин бири карабай, / Талаада жүргөн айбандар, / Эмизе берди алмашып, / Өз баласын тааныбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Эки жакты улам алмаштырып карап коём.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эртеси бала бүт чүкөсүн бир сакага алмашып, атасына алып келип берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →