алмак-салмак
- Биринен сала бири, биринен кийин бири, кезек менен.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Каракөз, / Саранжаны өлтүртпөй, / Ажыратып алалбай, / Бекер туруп калалбай, / Найзасын кармап бекемдеп, / Каадалуу балбан кептенип, / Беттеп кирди кекеңдеп, / Алмак-салмак теминип, / Эки буту тепеңдеп, / Ирмебей көзү чекчейип, / Киндигин тартып, бел түйүп, / Кууратам деп мекчейип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алике менен Сатике, / Алмак-салмак экөөнүн, / Коппой жаткын төрүнө, / Үйүндө туруп киргизгин, / Казбай туруп көрүнө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Капшыра тиштеп оозунан, / Арта салып мойнуна, / Аламандап жүгүрүп, / Ал тайгандар чуркады, / Айал-үйөл кылбады, / Баштакыдан беш бетер, / Айабай жанды кыйнады, / Алмак-салмак карынды, / Алгоолошуп көтөрүп, / Түн уктабай, күн тынбай, / Келе жатат көөшөрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
— деп чалкасынан жаткан кишини эки колдоп жаактан ары алмак-салмак салгылады.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Шаардын четиндеги бир алачыкка келип, шыкаалап караса, бир абышка-кемпир, бир кызды алмак-салмак өөп, ыйлап олтурушат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →