алкылда
- Буркан-шаркан түшүп албууттан, ачууланып буркулда, алкынып сүйлө.
- Башты чулгуп жулкун, алкынган катуу жүрүштө бол.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…мылтык тарсылдап, / Урулуп доолбас карсылдап, / Жез барабан кагылып, / Жердин бети шаңкылдап, / Чымыроондой чыңырып, / Сурнайдын үнү заңкылдап, / Аргымак аттар алкылдап, / Белде кылыч жаркылдап, / Айбалта жанда шыңгырап, / Найза колдо зыңгырап, / Маңгыттан келди хан Калдык, / Жер сойулуп кылкылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жер козголуп калтылдайт, / Алдында минген чабдар ат, / Алоолонуп алкылдайт, / Саадагы сары жез экен, / Көз уйалтып жалтылдайт, / Доолбасы кызыл мис, / Чымын тийсе зыңкылдайт, / Айбалта сабы күмүштөн, / Күн чагылса жылтылдайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…гүңдөп боз түшүп, / Жер суйулуп кылгылдап, / Найзанын учу жылтылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кылыч, ай балта, / Күн чагылып жалтылдап, / Жондо мылтык жалтылдап, / Доолбас үнү карсылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…олжолдуу күнү Айчүрөк, / Канаты күнгө жаркылдап, / Учуп кетти калкылдап, / Сейтек менен Гүлчоро, / Кетип барат балкылдап, / Тоотору менен Суркойон, / Алоолонуп алкылдап, / Отуз күнү жол жүрүп, / Урумдуктун шаарына, / Кирип келди жакындап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кайра тартып калкылдап, / Күлүктөрү алкылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →