алиги
- Мурда белгилүү болгон кимдир бирөөнү, кандайдыр бир нерсени же бир ишти белгилей көрсөтүүдө колдонулат, жанагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…н кези экен, / Бээ семизин жыгышып, / Келген элди жыйынга, / Беш маал мейман кылышып, / Чеч төбөдөй эт кылып, / Лоп көлүндөй чык кылып, / Аптасында эл тарап, / Алиги келген алтоону, / Эр Бороончу алып барат, / Сүйлөп турган ажыдаар, / Сонун иши дагы бар, / Эл чыгуучу эшик бар, / Кыйнаганда киргизчүү, / Кыйаматтай тешик бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Дөңдөгү жалгыз өзүмө, / Таазим кылып көшүлө, / Айбанат тарп алганы, / Алиги турган жолборсум, / Ак туйгун болуп калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алдынан утур ошондо, / Бир калмак чыга келгени, / Алиги келген чоң калмак, / Кокусунан ошондо: / “Мен Шаймамбет дегени” — / Шаймамбет атын укканда, / Кыжыры кармап Жамгырчы: / “Жүзү кара чыккынчы, / Жүзүмдү жерге караттың, / Баштап келип калмакты, / Өз журттуңду талаттың,!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Алиги Жапаркулдун келинчеги өзү бир маймактап жүрө алмаган неме экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кан өзүнө караштуу вазирлерин, карыяларын, билимдүү көсөмдөрүн жыйнап алып, алиги чалдын айткан сөздөрүн кандай кылабыз деп акылдашат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →