алиге

китептерде 3 жолу
  1. Ушул кезге чейин, эмгиче, алигиче.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алиге дейре кишиге, / Шек чыгарып айтпаптыр, / Ошол кызды атаке, / Алып берсек канаке. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өңкөй Бейжин чоңдордун, / Койбой баарын көргөмүн, / Ажал жетип күн бүтүп, / Алиге дейре өлбөдүм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Серектен Коңур жазганып, / Өлүп кала тас калып, / Алмамбет, Чубак, Сыргактай, / Серекти көрдүм бүгүн, деп, / Ар кимге айтып даттанып, / Алсырады Коңурбай, / Чоң-кичүүгө арз айтып, / Тамтырады Коңурбай; / Аралап жүрөт эр Серек, / Алиге чейин кол жыйбай, / Барабан уруп баң тарт, деп, / Буйрук берди Коңурбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →