али
- Ушул кезге чейин, алиге, эмгиче.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Саранжаны сен барып, / (Таш топурак оозуна!) / Айкөл шердин күмбөзүн, / Айоосуз бузуп сал, деди, / Ала тоодой өзүңдү, / Айабаган чал, деди, / Али канча ал, деди, / Тунжур төрө Бекбача, / Түк оозуна кирбеди, / Ак калпак кыргыз көп элди, / Катарга деги илбеди, / Беш бөлүнүп аскерди, / Талашты тепсеп кир, д…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Али да алып келерби, / Алтын-күмүш - зарларды, / Каныкейден Карахан, / Аруукени жакшыраак, / Кем-керчи жок камдады”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Гүлнарды берген Кенжеке, / Өзүң бил деп, энчиге, / Али алжый элекмин, / Убада сөздү унутар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Али эсимде: бир күнү талаадан өөдөлөнүп өлгөн бир токту үчүн кадимкидей ыйлап, койчусун таң аткыча сабап чыккан.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Шааысмайыл али жаш, аял алгыдай боло элек, кое турсун, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →