алжай

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Чоң ачылган көрүнүштө болгон абал, алжагай болуп көрүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жер кубалап, сай санап, / Урук кууп куда таап, / Жык айрылат алжайып, / Кызыл чеке чабышып, / Азамат өлөт дардайып, / Бузуктардын күнү тууйт, / Мурду көөп барбайып, / Ар кимиси өзүнчө, / Керилип басат чардайып, / Хандуу элде караан бар, / Чогуу турат калдайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жарылып сырты кетпеске, / Коло менен чырматам, / Тийген жерин ырбатам, / Мизин ууга сугарам, / Алжайгандан-малжайган, / Башка чапкан адамы, / Жакында өөдө болбогон, / Балта жасап чыгарам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Мизи сынып бүткөндө, / Сабы турбай шолоктоп, / Кындан кылыч алышып, / Жаркылдаган кылычтар, / Чаптырбай кайра кагышып, / Кеспей мизи жалпайып, / Жарылып сырты алжайып, / Кылычтар калды жалтырап, / Канжар жатат баркырап, / Чойун баш калбай быркырап, / Кырк кабырга, омуртка, / Кырын бузбай зыркырап, / Бирин бири тиктесе, / Азу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Тийген жери ырбаган, / Алжайгандан мал жайган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бала кызды шаркыраган суунун боюна коюп, өзү: "эл аралап, алжайын билип келейин"-деп кеткен мезгилде камыштуу токойдун арасынан бир каман чыга калып пери кызды чалып салды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →