алеңгир1
- Эпостордо: кыйраткыч, чуу салып, бүлүндүргүч (көбүнчө жаага карата).
- Кыйратуу, талкалоо, бүлүк салуу, уруш, жаңжал Алеңгир салып жатканын («Семетей» С.К.).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алеңгир жаа асынган, / Ал доңузга кездешип, / Ажалдуу бенде катылган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жөө чыкканга жойкума – / Болутум бар колумда, / Мергениңе, Дабытай, / Аленгир жаа, сур жебе, / Асынып турам жонумда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…й көзү чачырап, / Азуулары качырап, / Алгыр жолборс шер чыкты, / Баатыр балбан аралаш, / Телегейи тең чыкты, / Көпкөк темир кийинген, / Теңдеши жок эр чыкты, / Аленгир жаа - сур жебе, / Ийининде мылтык, чак келте / Ар бир түркүн эл чыкты!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алеңгир жаа, сур жебе, / Алакеңдин колунда, / Оозу менен жээрде атка, / Кастык кылган ким болсо, / Атмак болчу ойунда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алты атарын алты атып, / Алеңгир жаа, сур жебе / Кошо тартса Чынкожо, / Жети атарын жети атып, / Желмогуздай сур жебе / Кошо тартса Чынкожо, / Беттеп адам тура албайт, / Мылтык аткан ошого.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →