алдыртан
- Башкаларга билгизбей, жашыруун, тымызын.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чокморун алып чочоңдоп, / Кирип келди очоңдоп, / Чокмор чапчу колуна, / Чоң балта менен алдыртан, / Кагып калды Чакмакташ, / Катуу айгайлап карыга, / Салып калды Чакмакташ, / Бул чочконун бир колун, / Чагып салды Чакмакташ.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ортодо Отор оолугуп, / Ойлонуп чочко олтуруп, / Он миң киши кол бөлүп, / Өзүнө кийин туруучу, / Он эки мыкты зор бөлүп, / Туйбасын деп Чигитей, / Бир кишини купуйа, / Түн ичинде узатып, / Медеркан кошо барат, деп, / Таласты көздөй жол берип, / Билбемиш болуп жатыптыр, / Жиберген киши алдыртан, / Медерканга айтыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Күүлөп урган чокморду, / Балта менен камынып, / Алдыртан өөдө какканы, / Жолум үйдөй чоң чокмор, / Асманды карай учканы, / Кайта жерге түшөрдө, / Түшүрбөй жерге Кененим, / Жана какты чокморду, / Удаа улай кагылды, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эшик эндүү ай балта, / Сомо темир сом балта, / Сомдоп соккон ай балта, / Келе жаткан чокморду, / Алдыртан өөдө какканда, / Балта тийди чак этип, / Аркасын карай ыргыды, / Үйдөй чокмор жарк этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алдыртан киши жиберип, / Айак асты кылдыбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →