алдыра

китептерде 122 жолу, 9 китепте
  1. Эмне кыларын билбей шашып калган абал, өзүн жоготуп койгон абал.
  2. Алы, дарманы кетип алсырап, мууну бошогон абал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Капасы келди Кубатай: / — Кажылдаба, сен Шоорук, / Алдыраба, Ырыскан, / Айткан кепти сен угуп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Аттуулары алдырап, / Чаап кирип кеталбай, / Балалуу турат жалдырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Желип чыкты кашатка, / Жеткилең Манас алдырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…или карыш салаңдап, / Суунун бетин көрсөтпөй, / Күн тумандап далдаалап, / Үңкүргө кирсе ачылбай, / Ичине муну жаткырбай, / Таштар кулап калдырап, / Качып чыгат алдырап, / Айылга келет жылаңач, / Иттер келет такымдап, / “Ой, Айчүрөк, Айчүрөк, / Катыны элек бир эрдин, / Мени карап койгун”, деп, / Сүйлөп кетет какылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошол убакта кайдан-жайдан экени маалымсыз: Сайды бет алдыра беш-алты ирет чуулдатып мылтык атылды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →