алдыр

китептерде 400 жолу, 10 китепте
  1. Алдырып жиберүү, колдогудан ажырап калуу.
  2. Жеңдирип коюу, моюн сунуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Лопнурдун чыгыш түндүгү, / Тообо-томук кылат дейт, / Ошондой өткөн жүргүнчү, / Чакмакташты Кетиркей, / Алдырып кетти Котенге, / Чакмакташ деген жер бар дейт, / Узун кулак укмуштуу, / Карылар айтат бул күндө, / Муну мындай таштайлы, / Жай таппаган Калдыктын, / Кармалганынан баштайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жалынып сурап жооп алдым, / Тамактанып тойунуп, / Анан кайта барамын, / Алым келсе аламын, / Алдырсам өлүп каламын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Качканы болсо кой дебе, / Качпаса калмак ой дебе, / Арагын берсе ичпегин, / Айлына барып түшпөгүн, / Сыр алдырып көрүнбөй, / Сыртыңды салып дүңкүйбөй, / Ыраактан байка иттерди, / Жакшылыкты билеби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Канчоро менен Чачыкей, / Алдырып келди коргонго, / Элүү миң ашуун эл турду, / Тегеректеп ошондо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Мингени болсо Суркоен, / Чынкожо болсо жолдошу, / Учуп жүрүп асманда, / Алдырып ийип өлүптүр, / Жерде жүргөн арстанга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →