алдынкы
- Илгери жактагы, башкалардын алдындагы.
- Төмөнкү, асты жагындагы.
- Биринчи катардагы, жогорку, иш же башка нерселери (белгилери) боюнча өзгөчөлөнгөн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өтө андес Чакмакташ, / Андай эчен чапканды, / Жаздырып көнгөн чаптырбас, / Алдындагы тулпарды, / Болушунча камчылап, / Тоодой болгон Сазандын, / Ээк алдына өттү эле, / Ташка тийип найзасы, / Сан барча болуп кетти эле, / Пил экен минген аты деп, / Алдынкы ээрдин кашы деп, / Табарсыктын башы деп, / Найза менен муштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Үстүңкү ээрдин калбайтып, / Көк-асманды шыпырып, / Алдыңкы ээрдин далбайтып, / Кара жерди шыпырып, / Мактанышат чанданы, / Сендей бойу беш келет, / Жору куйрук кызыл алп, / Кутулуп кете албады, / Ашкере тийип жардамы, / Атам Манас арбагы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жаңгырды карап алайып, / Алдыңкы ээрдин жаланып / — Береминби, бербеймин, / Өзүм билем мал-пулум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алдынкы сынын караса, / Чубар десе эп келет, / Арка жүнүн караса, / Тынар десе эп келет, / Ырысына караса, / Майпоз десе эп келет, / Канат сынын билгенге, / Жапкан ат …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ «Атаңдын көрү, Канчоро, / Адам болбой, кет, чоро, / Алдыңкы жерге, жет, чоро!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →