алдында
- Алды жагында, мурдараак, илгерирээк.
- жанд. Жанында караганда, салыштырганда.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алдында кызмат кылыптыр, / Кытайдын келип баласы, / Кара эмес хан экен, / Чечекейдин карасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сүйлөсө сөзү бууланган, / Сүйкүмү артык бир улан, / Тигип койгон өргөөгө, / Алып келип кирээрде, / Алдында басты Көкөйүң, / Кызынын жайын билерге, / Башын салса эшиктен, / Байкуш кызы элейип, / Карап калган селейип, / Тартып койгон сүрөттөй, / Жаны жоктой делейип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сен ошонун бирисиң, / Калыбектин алдында, / Сен канчалык кишисиң?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
- / Күпүлдөгөн Чынаача, / Минген аты бир башка, / Сопол куйрук, жыртак көз, / Кызыл ээк, тайкы жал, / Алдында минген бууданы, / Ак чаар экен ыраңы, / Ал качырдан жалгашкан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айчүрөк бар алдында, / Хан Сейитек, Гүлчоро, / Керменбай бар жанында, / Кирип чыгып Сетертай, / Бирге жүрөт Каргалдай, / Андан башка кишилер, / Артынан басып бара албай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →