алдыда
- Боло турган, келе турган деген мааниде.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
менен Малабек, / Токсон беште тең экен, / Козубек бир жаш чоң экен, / Анда айтат Козубек: / — Жашым менин чоң экен, / Жол талашпа, баатырлар, / Силерден мурун алдыда, / Менин барар жолум бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…Кебез өтүк, кең белбоо, / Кечилдин ханы Коңурбай, / Байа Алмамбет айткандай, / Алмамбет менден качты деп, / Арбагым андан ашты деп, / Акылы чындап шашты деп, / Алдыда минген Алгара ат, / Айабай камчы бир салат, / Бөрү тилдүү өткүр курч, / Найзасын күүлөп булгалап, / Казыдай мойну узарып,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Канатым бар учармын, / Асман менен сызамын, / Антип кетип калганда, / Эрежесин кыргыздын, / Мен Айчүрөк бузармын, / Улуулар калса аркада, / Учсам Чүрөк алдыда, / Уйатына калармын, / Аркаңдан, балам, салпылдап, / Ээрчип учуп багайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Мына бу уругу кытай Гүлчоро, / Өлтүрөмүн алдыда, / Жууруп ундай нан кылып!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Өлүм жаккы тарабы, / Жарык болот дечү эле, / Калбуудет айткан сегизи, / Качандан бери Таласка, / Ар кайда тарап жүрдү эле, / Чогулуп келип кээ кээде, / Кеңеш кылып алчү эле, / Кеңешке келген сегизи, / Кең экен жердин тегизи, / Мурунку күнү алдыда, / Сегизи мында келиши, / Кетпей жата бериши.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →