алды-арты

китептерде 25 жолу, 7 китепте
  1. Алды менен арты, айланасы, маңдайы, арт жагы.
  2. Баш-аягы, бар болгону, болгон бүткөнү.
  3. Эң аягы, акыр аягы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ашка келип түшкөндө, / Алды-артына көз жетпей, / Айткан менен сөз жетпей, / Жазгы келген келгиндей, / Кара таандай куйулду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ортосунда жедигер, / Астында бар коросон, / Аркасында Ырыскан, / Алды-арты болуп бараткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жалгызектин Бактыбай, / Алды-артына карабай, / Аманат жанды айабай, / Бактыбай өзү камбыл эр, / Ар кылганы даңгыл эр, / Чолпонбай, Сүйүн кутулду, / Катар сайып эки эрди, / Ачакан жаман кутурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кернейдин үнү баркылдап, / Сурнайдын үнү чаңкылдап, / Ак асаба көк желек, / Кызыл белги кара туу, / Санаты жүзчө жалпылдап; / Андан бери караса, / Эки караан келатат, / Учкан куштай закымдап, / Жетер-жетпес алды-арты, / Бирин-бири такымдап, / Келайтышты бөлөкчө, / Ыраактабай жакындап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ажал жакын адамга, / Каш, кабактын арасы, / Алды-артына карачы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →