алды-алдына

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Бет-бетине, бөлөк-бөлөк, жөн-жөнү менен.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

– / Муну айтып Манас токтолду, / Жооп кылган пенде жок болду, / Аксакалы келгендин, / Боз балдарын карады, / Боз балдары кеп кылбай, / Алды-алдынан тарады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кебез белбоо кең өтүк, / Кечилдердин Коңурбай, / Алды-алдына туйдурбай, / Бирден-бирге барганда: / “Бириндетип алдайлы, / Билгизбей сойуп жайлайлы, / Санаасын элдин жандайлы, / Арты-артынан чуратып, / Аттын оозун тыйбайлы, / Тизгинди кайра жыйбайлы” / Деген кепти жеткирип, / Желип жүрөт жекирип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Баш-айагым жыйганда, / Алтымыш балбан чогултуп, / Даңаза элге кылганда, / Эки жыл койуп эркине, / Чекесинен бир бирден, / Алды-алдынан чаап алам, / Алым келбей баратса, / Жедигерден кол алам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Алды-алдына ар кими, / Айрылып хан болуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →