алды

китептерде 2429 жолу, 10 китепте
  1. Асты жак, бет алып турган жаккы айлана, маңдай жак.
  2. Бир нерсенин асты, жабык жаткан же төмөн караган бөлүгү.
  3. Өзүнүн сапаты жагынан башкалардан артык, мыкты, жогору.
  4. Иш же башка нерседеги биринчилик, алдыңкы орун.
  5. Башкалардан илгери, мурда, арт жагында эмес.
  6. Башкалардан мурдараак, эртерээк озунгандар (келгендер ж.б.).
  7. Кандайдыр бир нерсенин башталышы, башталыш белгиси.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Нурпануну периден, / Бекбачанын алганы, / Пендеден алдым үч катын, / Биринен бала калбады, / Колумда бар Айбала, / Адамдан артык Акмаңдай, / Булбул тилдүү жез таңдай, / Алты жыл ноокас болупмун, / Текес, Күнөс, Жылдызда, / Кырылып кыргыз болуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Макул деп алды Алооке, / Алооке берген арбын мал, / Мага болду береке, / Алооке бербей турбады, / Кара тайдын колкосу, / Үзүлбөй эки ай чубады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…унан көбүк куйулуп, / Буура болот шалкылдап, / Жүрүп кетет жылаңач, / Эки санын чапкылап, / “Ит абдалдан коркот”, деп, / Кеткени жок ит талап, / Ар кайсы үйдүн алдына, / Келип калат аш сурап, / “Ай, Айчүрөк, Айчүрөк, / Ой, Каныкей, Каныкей,” / Деген кеби ушгулат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жолдошум күндөгү адаты боюнча, алдынан атып жөнөгөн коёнго: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бир убакта барпаңдап энтигип элик алдынан чыкты. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →