алдуу

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Күчтүү, кубаттуу, алы, дарманы бар.
  2. Оокаттуу, мал-мүлктүү, дүнүйөлүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эчтемени элебей, / Короңдогон дагы бар, / Көргүн мени дегенсип, / Сороңдогон дагы бар, / Жакшысы бар, жаман бар, / Алдуусу бар, чабал бар, / Акылдуу бар, жинди бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…лчайып артын карабай: / “Жаным тирүү турганда, / Жандан тойгон калмактан, / Аз болгондо алтыны, / Көп болгондо алтымыш, / Жаздана жатсам экен” деп, / Алы жогун алдуусу, / Аңтара тартып атынан, / Көзгө чаап баратат, / Күчү жогун күчтүүсү, / Көчүккө сайып найзалап, / Кан агызып баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Андан кала бергенде, / Алдуусу бар алсыз бар, / Камдуусу бар, камсыз бар, / Пулдуусу бар пулсуз бар, / Телегейи тең эмес, / Жетиги бар кеми бар, / Андайларын чогултуп, / Өзү тапкан дүйнөсүн, / Садага кылсак ал кандай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күчү жогун күчтүүсү, / Алы жогун алдуусу, / Шайы жогун шайлуусу, / Камы жогун камбылы, / Кырып кирген ызы-чуу, / Аралашкан аскердин, / Аккан каны кызыл суу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кескен казы, кошкон май, / Сары кантын коншо алып, / Табактарын кучактап, / Алдуусу келет тай сойуп, / Алда нечөө кой сойуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →