алдейле

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Баланы «алдей-алдей» деп сооротуу, уктатуу.
  2. Кастарлап асыроо, бапестеп багып өстүрүү, эркелетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алың келбей урушуп, / Айабадың малыңды, / Айабадың барыңды, / Алып келдиң тартууга, / Алдейлеген балаңды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ — Семетейден бер жакка, / Жетим болуп торолмок, / Бойго жетип чоңоймок, / Сейитимден башкасы, / Буларга мурас из калып, / Эркек тууса Акмаңдай, / Ак калпак кыргыз алдейлеп, / Эрке кылып алалы, / Кой баштатып суу кечер, / Серке кылып алалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Башка жерден келген жок, / Жедигер кыргыз элинен, / Ак сүт берген апасын, / Алдейлеген атасын, / Урук-тууган канчасын, / Калган журттун барчасын, / Кан какшатып жеп болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Алдейлеп эмчек эмизген, / Алпештеп жүрүп өстүргөн, / Өтүп кеттиң дүйнөдөн, / Энемдин сүтүн ким актайт? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Гүлүстөнгө айткан кеп: / «Тирүүмдө жүзүң көрбөдүм, / Алтын чырай бетиңден / Алдейлеп, балам,сүйбөдүм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →