алдаста

китептерде 16 жолу, 7 китепте
  1. Эти ысып, катуу кыйналып ооруганда чыдай албай чабалактаган абал.
  2. Карбаластап шашуу, кыйналуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кармаганча Чакмакташ / Найзаны тартып алганы, / Капыр Калдык калдастап, / Балтасын алды алдастап, / Арам заада чоң маңгыт, / Качып калды калдактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Барам деп айтып ийе албай / Ал Манастан айбыгып, / Жакып бай жүрөт алдастап, / Түйдүрбөй ичтен камынып, / Күйөөсү менен кызынын, / Келүүгө көөнүн жай кылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Хандан буйрук алыптыр, / Кадырлуунун бири эле, / Калдалаңдап калдастап, / Апкаарый сүйлөп алдастап, / Өзүнүн бойун жыйнабай, / Эки буту салбактап, / Этеги кетип балбактап, / Таноосу көөп барбактап, / Ат өлтүрө чапкылап, / Кара тер басып дардактап, / Чойтолоң… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Каргалдайы калдастап, / Декдеңдей басып алдастап, / Карадөө угуп кабарды, / Аттанып кетти барбаңдап: / “Кайда болсом кызмат бар, / Кишимин, — деп ишенген” / Жерге батпай дардаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…/ Кынына баптай кутуруп, / Калдуубет биздин баатыр, деп, / Катышкан өлүп жатыр, деп, / Шилекейи чубуруп, / Ач көз маңгыт элин көр, / Сары суу ооздон куйулуп, / Алдасташып келатыр, / Ач бөрүдөй жутунуп, / Чапаны жок жупуну, / Жылаңач келген нечени, / Кыргыздан алып кийем, деп, / Этегин тетир кумтунуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →