алдамчы
- Калп айтып ишендирүүчү, алдап кетме, адилетсиз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ар укмуштуу иш келет, / Туулуп бүткөн адамга, / Адам уулу ишенбе, / Алдамчы ушул заманга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Деп Кененим айтканда, / Ажалы жеткен алдамчы, / Кан жуткур!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айтканым айткан Конушбай, / Алдамчыны бизге бер, / Тапан хан менен Куткарбас, / Алдыңда минген тагыңар, / Башыңда тажы багыңар, / Тил албасаң айтканга, / Сонун көрсөң өлүмдү, / Калбай көргө барыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сулууну алды Кылжыке, / Алып келди элине, / Армансыз болбой жан өтпөйт, / Алдамчы жалган дүйнөдө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Аны чычкандар көрүп алып, мышыктын алдамчы экенин билишти.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →