алдагы

китептерде 12 жолу, 6 китепте
  1. Тигил, тетиги, тигинде турган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Баатыр Манас тушунда, / Араникте урушта, / Дөөхан менен Панусхан, / Соксо, Сотой балбандан, / Анжыдан деп ат койуп, / Араникти алганда, / Соксо, Сотой өлгөндө, / Дөөхан качып келгенде, / Соксо, Сотой экөөнөн, / Эки бала келди эле, / Дөөхандын тукуму, / Алдагы мыкты эр эле, / Өзүм такка мингенде, / Элебедим дегеле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алтымыш чалды ээрчитип, / Аттанып жолго салыптыр, / Алмамбетти тосом деп, / Бай Жакып жөнөп калыптыр, / Бозжорго минип чайпалып, / Он беш кемпир котчу алып, / Чыйырды жүрдү чалкайып, / Бай Жакыптын Бакдөөлөт, / Он эки катын ээрчитип, / Ак элечек заңкайып, / Алдагы келди даңкайып, / Бай Жакып келет балкылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Суркойонду алдагы, / Түшүп бүгүн нээ бердим?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Урманбеттин алдагы тагдырын ойлоп, көпкө уктабай жаттым... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Ой, иним, алдагы жакаңдагы кызыл гүл эмнең - деп баладан сурайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →