алгыч
- Алганды жакшы билген, алганды жакшы көргөн, алгыр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Колуна жарак алгыча, / Үзөңгүгө тамандап, / Кобо калып Бекбача, / Төбөгө тартып жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ай балта тийген оңобу, / Кыйрап кылыч жоголду, / Калыбек жарак алгыча, / Качырып келип Семетей, / Туулгага бир койду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Махабат көлүн жакалап, / Нубасканы бакалап, / Жаткан кытай бабам бар, / Жан алгычтар анда бар, / Солк этип жүрөк козголду, / Кай жерде көрөр капам бар?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эрте болсо эки айда, / Кечиккенде беш айда, / Жашыл жээкке барасыз, / Качып барып Куткарбас, / Дем өткөрөт аңгыча, / Дем албайсыз канча күн, / Куткарбас жанын алгыча.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Найзасын тартып алгыча, / Толтойдун уулу чоң Кыйаз, / Токтотпой бойун күүлөдү, / Уңгусу менен балтанын, / Айкөлдүн уулу Семеңди, / Чыкыйга тартып жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →