алгыр
- Көргөнүн жаза кетирбеген, куткарбаган кыраан, алгыч.
- Кыйын, ишмер, айлалуу, илекер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бекбачаны жалтанбай, / Найза менен муштады, / Сайдырбастан Бекбача, / Найзасын кагып жиберип, / Качырып кирди Каракөк, / Алгыр бүркүт түрдөнүп, / Найзасынын учунан, / Жалындаган от күйүп, / Табарсыктын башы деп, / Калмак ээр кашы деп, / Найза менен сайганы, / Мөшкөй болот чарайна, / Өт…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айкөл чыгып калды эле, / Манастын аты чыкканда, / Балаадан Баймат кутулуп, / Алгыр куштай жутулуп, / Кыйкырып Баймат барыптыр, / Кызык болуп калыптыр: / — Баатыр сени унутуп, / Байкабай балаа бастым, — деп, / Манжудан келген кулуңдан, / Күнөө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өзү алгыр шер экен, / Он сегиз менен он тогуз, / Ортосунда неме экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошого да болбой, өлөт алгыр бир кызыл уй чычаңдап, мөңкүп барып токтой калып, куйругун шыйпанып, тумшугу менен арткы бутун бир жыттап алып, туруп-туруп, топ-топ бөлүнүп, өкүрөңдөп алып, жүрүп бербеспи!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Ай кудай алгыр, ал хан жакын жерде жок, Сасык-Көлдүн аралында кара буура болуп чөгүп жатат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →