алгоолош
- Айыл чарба иштеринде (мис. кош айдоо убагында) өз ара жардамдашып, бири-бирине көмөк көрсөткөн аракет.
- Кезектешүү, улам кезекти алмаштыруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Капшыра тиштеп оозунан, / Арта салып мойнуна, / Аламандап жүгүрүп, / Ал тайгандар чуркады, / Айал-үйөл кылбады, / Баштакыдан беш бетер, / Айабай жанды кыйнады, / Алмак-салмак карынды, / Алгоолошуп көтөрүп, / Түн уктабай, күн тынбай, / Келе жатат көөшөрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →