албыр

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Кызарып чыгуу, кызарып кетүү (бетке карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыздары үкү сайынып, / Кыркалап шуру тагынып, / Башында кундуз тебетей, / Кыпкызыл бети албырып, / Бака буттап өргөн чач, / Кыз экени таанылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененим уктап тынч алып, / Уктап жатып семирип, / Албырып бети нурланып, / Бузук суу калбай денеде, / Тер менен кетти бүт агып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
– / Арсаңдап күлүп эр Бакай: / — Ким билет кандай сыры бар, / Илгерилеп кабар ал, - / Аккула минип албырып, / Эки этеги салбырап, / Арка этеги салбырап, / Ат сооруга чабылат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жылаңайлак жылаң баш, / Кулакты баскан чыккан чач, / Сегизден жашы ашпаган, / Жетиден төмөн түшпөгөн, / Көзүнөн жалын жайнаган, / Алмадай бети албырган, / Периштеби, бендеби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Караса көзү жадырап, / Нур куйулуп өңүнөн / Ажары анын албырат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →