албууттан

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Бейжайлануу, долулануу, буркан-шаркан түшүп чамынуу.
  2. өт. Тынч албай уйгу-туйгу болуу, толкуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жулуп алып чынарды, / Алдына туура өңөрдү, / Алдында минген Кеңкула, / Албууттанып жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Төбөдөн тийген чоң балта, / Акыректен чыкты эле, / Албууттанган чоң Жолой, / Сайышканга мыкты эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →