албуут

китептерде 1 жолу
  1. Кой-айды билбей чамына берме долу, бейжай ачуулуу.
  2. өт. Жай албаган, тынч албаган, ээликме.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

- / Уккан соң муну Ырчы уул, / Арданганга чыдабай, / Аралда жаткан Чубакка - / Албуут кыйал чунакка, / Арыз айтып барганы: / — Жергеңде жүрүп каралаш, / Жериңде жүрүп аралаш, / Же мени кудай албады, / Же сени кудай албады; / Алмамбетти көтөрүп, / Тээ Бозуул деген эменин, / Жебеген богу калбады! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →