албарсты

китептерде 36 жолу, 6 китепте
  1. миф. Уктап жатканда көрүнбөй келип басып калуучу, муунтуп коюучу аял кебетелүү, чачы саксайган жинпери.
  2. өт. Чачы саксайган, үстү-башы салбыраган (кыздарга, аялдарга карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Турумбекке он беш тор, / Оролуптур бойуна, / Эрдик менен Турумбек, / Албарсты алып колуна, / Тор кармаган он бешти, / Тобу менен кулатып, / Томурайтып сулатып, / Оң-тескери тоңкойтуп, / Ойронун элдин чыгарып, / Каны качып ачуудан, / Керс… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Канчоро ичтен бузулду, / Ошондо далай кысылды, / Жедигердин элинде, / Жетисуунун жеринде, / Сейтек андан туулду, / Кыйазды жакын жолотпой, / Аташканы Айчүрөк, / Албарсты болуп кубулду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кемпирди карап тиктенип, / Алдыңкы эрди кем ээк бу, / Үстүнкү ээрин тиштенип, / Кичинекей сарыбашыл / Албарстыдай үксөйүп: / — Эриң Шыгай унчукпай, / Эсирипсиң, Калтырбаш, / Эркиңе койуп далай жыл, / Каман болуп талаада, / Жетилипсиң, Калтырбаш, / Доңуз болуп корсулдап, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Албарстыга Айчүрөк: / — Сөзгө көңүл бур, — деди, / Чайчы болуп Кыйазга, / Кызмат кылып тур, — деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Семетей кезек бергенде, / Кезек колго тийгенде, / Суркойонго мингенде, / Сырнайзаны илгенде, / Чоң балтаны колго алып, / Ак албарсты байланып, / «Кош! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →