албарс

китептерде 52 жолу, 8 китепте
  1. Таза болот, болоттон жасалган өтө курч курал-жарак.
  2. Уу дарынын бир түрү (мисалы, хлордуу сымаптан жасалган өтө уулуу порошок, сууда тез эрий турган азот кычкыл күмүш ж.б.).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жана сермеп кармарда, / Коргошун жүрөк, жел билек / Коркпой турган Чакмакташ, / Албарс менен Сазанды, / Ач билекке чапканда, / Күч берүүчү тарамыш, / Таарый чаап таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…/ Түн кетип, күндү чыгартып, / Кеңкула чуркап чаалыкпай, / Кылычты шилтеп Кененим, / Кырып жүрөт талыкпай, / Жердин бети чыпылдап, / Жуурулуп топо былчылдап, / Албарс менен кайсалап, / Абыдан кырып талкалап, / Чамбыл ала чаң кылып, / Кызыл ала кан кылып, / Арасын ачып коо кылып, / Чыдай албай коросон, / Чогуу турбай суйулуп,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Байлаган менен Чубакты, / Алып кете албады, / Болгун, тарткын, болгун, деп, / Бабырашып жатканда, / Баатырыңдын ач албарс, / Ага сыйкыр даарыбас, / Тирүүлүктө пендеге, / Мындай сонун табылбас, / Кынынан тартып алыптыр, / Кызыл кыргын салыптыр, / Бошотуп тордон ошондо, / Кутулуп Чубак калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аккелтеңди бере кой, / Асынып аны көрөйүн, / Ак албарсын байланып, / Алышуучу жоо болсо, / Айдап койдой бөлөйүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Арстандын күчүгү өсүп албарс азуулуу чоң арстан болот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →