албан

китептерде 55 жолу, 9 китепте
  1. Ар кандай, нечен түрдүү, ар кыл.
  2. Күчтүү, албеттүү, алп.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Касиет, калка бир тууган, / Албан, кызай - эки урук, / Казак андан туулган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Мындай эчен эр Шууту, / Арбын көргөн сайышты, / Өткөрүп келген башынан, / Албан-дубан салышты, / Камындырбай Шуутуну, / Кара кытай Кежиси, / Каңтара койуп өттү эми, / Кайран Шууту калдайып, / Кара жерге түштү эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ңгыраган үн чыгып, / Заңгыратып тоолорду, / Бир укмушту сүр чыгып, / Ободо кылыч шыңгырап, / Жалпагынан бир кумга, / Барып түштү жартырап, / Сыйкырын салды миң албан, / Желмогуз канчык алдырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…н Суратты, / Карчыттан нары бир салып, / Көк букадай өкүрүп, / Жалаңгычтай көрүнүп, / Карыга чейин билегиң, / Май алчудай түрүнүп, / Алдында минген тосур ат, / Албан түрдү жүгүрүп, / Аркасынан чыккан чаң, / Аткан таңдай түрүлүп, / Жер килити сөгүлүп, / Көргөндүн көөнү бөлүнүп, / Көбү калды букара, / Гүлчородон түңүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ушул себептен болсо керек, мындан көп узабай солдат бербейбиз деген үчүн Албан казагынын Абубакир, Узак, Жаманке деген жакшыларын Каркырадан кармап алып, Караколгр алып кетиптир, деген кеп угулду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →