алаңда
- Алая кароо, алаң-алаң этүү, корккондо же ачуусу келип каарданганда көздөрүн акыраңдатып караган абал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…н жалын от жанып, / Таноосу көөп дердеңдеп, / Сакалдары байпаңдап, / Чылбырдай болуп чубалып, / Саамай чачы салбаңдап, / Жарты көлдөй жылтырап, / Маңдайда көзү алаңдап, / Арбашып жаткан жыландай, / Ээрди-мурдун жаланып, / Найзасынын учунан, / Кере кулач от жанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Караңгыда калдаңдап, / Эки этеги далбаңдап, / Эми жетти дардаңдап, / Коркуп көзү алаңдап, / Мойнун толгоп каранат, / Кара ниет калмактын, / Калтырбай кебин бүт салат, / Анда Карманап туруп муну айтат: / — Сен Бадыкөлгө баргансың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…мды берип Сейитке, / Кантип болом, адам деп / Ээрдин кесе тиштенип, / Намыстан жанга күч келип, / Сейитти туурап эр Тапак, / Үзөңгүгө тамандап, / Маңдайда көзү алаңдап, / Мурдунан маңка куйулуп, / Чорго муздай салаңдап, / Сабынан чыңдап кармады, / Алы келсе баатырдан, / Найзасын тартып алгалы, / Эки колго чогултуп, / Барлык к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…линин түбү кычышып, / Эт жүрөгү элбиреп, / Бүткөн бойу мемиреп, / Чолпондой көзү жарк этип, / Кулагы угуп шарк этип, / Асманды тиктеп көз бардап, / Жерди карап алаңдап, / Амансыңбы, аба, деп, / Зор Бакайды кучактап, / — Салмагым көөхар экен де, / Саадагым кырк кез экен де, / Арстан Манас барында, / Ошол кезде өлбөдүм, / Же өз…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Колу сынып шалк эттип, / Эси ооп эндиреп, / “Эми өлдүм белем” — деп, / Эр чырагы эки көз, / Маңдайында алаңдап, / Эки жагын каранып, / Алактады кайран эр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →