алачык
- Боз үйдүн уугун жерге сайып, же эки канат керегенин баштарын тирештирип, үстүнө тутуу жаап, же болбосо чабак жыгачтардын башын байлап, үстүнө чөп ж.б. нерселерди жаап жасалган кепе.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алачыктай кемпири, / “Келдиңерби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аккуу кебим кийбесем, / Эл кыдырып кирбесем, / Олуйа Кошой уулуна, / Өзүм барып тийбесем, / Алачыктай Кыйаздын, / Тузуна бүгүн сийбесем!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эр Семетей, Канчоро, / Алачыктай кара таш, / Аңтара тартып албасам, / Бастырып ага салбасам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Биздин үйдү көчүрүп кеткенден кийин, убактылуу бир жаман алачык жасап алганбыз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир алачыкка туш келишет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →