аласал
- Астын-үстүн болуп, аңтарылып кетүү, башы ылдый болуп оодарылып жыгылуу, коңторулуп түшүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Ак кандын кызы өлгөн кишини түртүп койсо аласалып кетет деп, атасынын алтын чокморун сурап берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Карчыга ак чокморду агасына тийгизип койду эле, агасы аласалып кетти, күмүш чокморду тийгизип койду эле, агасы күңгүрөнүп сүйлөдү, жез чокморду тийгизип коюп, өзү коен болот да жылт коет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Самсаалап турган анжырдан бирди үзүп алып, өзү жебей: "Умсунай муну жакшы көрүүчү эле", – деп сүйүнгөн бойдон кемпирине аласала алып келди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →