алап2

китептерде 10 жолу, 4 китепте алап 1 →
  1. Дарыянын, өзөн сууларынын куймалары менен бирге алгандагы жалпы аймагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Коросон, испан – эки урук, / Жедигер, маңгыт – төрт урук, / Алапайын таба албай, / Заманасы куурулуп, / Өлүп жатат он эки, / Өпкөнүн каны куйулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…күлдү салалы, / Жерге эгин салдырбай, / Оторго малын жайдырбай, / Токойдон отун алдырбай, / Тосуп жатып алалы, / Тумтак күнү түгөнүп, / Түгөсүн кыргыз амалы, / Алапайын таба албай, / Куурулуп калсын заманы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бир атадан алты эле, / Кыз душмандын бүлөсү, / Экөөңдө ага үч эле - / Экөө өлдү амалсыз, / Бирөө оору, дармансыз: / Акылың менен иш кылып, / Аш берип атты чапкыла, / Агаңдын каны каткыча,- / Каныкейден кеп угуп, / Ак көңүл туулган Абыке, / Алапайын таба албай, / Ал тура албайт удургуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп бир-бирин тиктешип, / Жалдырашып калышты, / Күрмөөгө келбей тилдери / Балдырашып калышты, / Алапайын таба албай, / Алдырашып калышты, / Ээси оогансып элдиреп, / Жакшылык менен жамандык, / Кайсынысы билинбейт, / Бол жүргүлө, баскын, деп / Келген желдет күжүлдөй… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
"Зың-ң-ң - ызың-ң-ң" деген чиркейдин үнү аюунун алапайын таптырбайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →