аламанда

китептерде 9 жолу, 7 китепте
  1. Тартипсиз опур-топур болуу, тополоңдоо, баш аламан сүйлөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Таң агарып атканда, / Бир Матанга тостурбай, / Тепсетип өтүп кетели, / Аламандап чуу койуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Коңурбай баштап ат койду, / Аламандап бат койду, / Төрө Алмаң баатырдын, / Бир огу жаага кезделүү, / Бир огу ооздо тиштелүү, / Башын кесип кетет деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
этип, / Телкүрөң оозун тарткыча, / Шайтанын койбой каккыча, / Кумсар сыйкыр, шум канчык, / Экөө эки кош болуп, / Алып кетти шып этип, / Сасык туман каптады, / Аламандап ат койуп, / Куткарбастын аскери, / Куйулуп кумдай чапканы, / Жалтайып карап турабы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Аламандап чуу койуп, / Ат жарышып барышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Карап турган канча эл, / Мен Калдуубет эр деген, / Айбатынан апкаарып, / Бастырып бара албады, / Элден чыга бергинче, / Алай-дүлөй кар жаады, / Кай кеткени билгисиз, / Көрүнбөй көзгө калганы, / Аламандап турган эл, / Ат изин таба албады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →