аламан
- Туш келди, бет алды чабуул, тополоң.
- Бүткүл эл, көпчүлүк журт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ырыскан минтип сурады, / Жаны чыгып корккондон, / Жедигер чыдап турабы, / Баш аламан баарысы, / Жарыша койуп чуулдады, / Орто бойлуу, орто жаш, / Жылбырскасы кишинин, / Кара Чекир бирөө бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ “Дабытайды алпарып, / Бастырып жарга жоготуп, / Кайта келип кырат деп, / Канды суудай агызып, / Баш- аламан кылат, — деп, / Кылычтап башты кыйат, — деп, / Баарыбызды кырат, деп, / Жыпжылма түптүз кылат” деп, / Коросондун элдери, / Өз жанынын камын жеп, / Убайым тарты…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
- / Баатырдан нечен эр келип, / Агытып ийди үч пилди, / Булаңдатып тумшугун, / Дүмүрөңдөп жүгүрүп, / Такыр баары бүт келип, / Чуулдашат аламан, / Бирине бири дем берип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Андан бери карасам, / Чатырды көрдүм талаадан, / Кетейин деп жөнөсөм, / Туш-тушумдан ат койуп, / Адамдар чыкты аламан, / Сийдигим булут айланып, / Куурулуп калды заманам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ “Манастап” ураан бат койуп, / Аламан кылып ат койуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →