алам1
- диал. Шашылыш, ашыгыш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сайып алам дегенсип, / Сапырылтып тозоңду, / Адам карап туралгыс, / Кокүн деген ошону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кара кытай, манжуда, / Шибе, соло, муңгулда, / Аркалар киши калган жок, / Барган менен мен анда” / Коросондо Дабытай, / Баш калкалар бай таппай, / Бара турган жай таппай, / Көр напсиге алданып, / Калмактан дүйнө алам деп, / Кайран жан калды сай таппай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ — Алакандай кыргызга, / Акыр-такыр салам, — деп, / Ай-ааламдын бар кегин, / Манастан бүгүн алам, — деп, / Койколоңдоп талаада, / Желип жүрөт Чынаача.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Семетейдин Сейитек, / Таласка келип алам деп, / Кеткен эле күйөөбүз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бирок эми ал кызды мен алам, сен алам болуп талашып киришет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →